Акылбек Жапаров: "Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды"

Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагында 2 негизги документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, "AD Ports Group" жана "Maqta Gateway" ири компаниялары менен келишимдерге кол коюлду. Бул макулдашууларга кол коюу чечими Кыргызстандын президентинин Бириккен Араб Эмираттарына иш сапарынын алкагында БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган.

Келишимдерге кол коюунун салтанаттуу аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров океандан эң алыс жайгашкан мамлекеттердин бири болгон Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алганын, бул макулдашуулар эки тараптуу кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүшүнө чоң түрткү болорун жана өлкөбүзгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берерин белгилеген.

"Биринчи макулдашууга ылайык, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги жана "AD Ports Group" документке кол койду. Анын алкагында Эмират компаниясы логистикалык борборду жана бажы аймагын өнүктүрүү жана иштетүү үчүн аймактагы эң заманбап портко - Абу Дабидеги Халифа Портко (Khalifa Port) жакын жайгашкан КЕЗАД – (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi (KEZAD) эркин экономикалык аймагында 300 000 чарчы метрден ашык жерди бөлүп берген.

Экинчи макулдашууга ылайык, "Maqta Gateway" Кыргызстандын Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.

"Maqta Gateway" бул жаатта чоң тажрыйбага ээ, анткени ал Абу-Дабидеги соода жана логистикалык кызматтарды, анын ичинде деңиздеги, кургактык, абадагы, өнөр жай жана эркин зоналарды бириктирүү үчүн иштелип чыккан алдыңкы соода платформасынын, инновациялык бирдиктүү терезенин иштеп чыгуучусу жана башкаруучусу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан