Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова орус тилинде баяндама жасай баштаганда төрага Нурланбек Шакиев баяндаманы кыргыз тилинде жасоону талап кылды.
"Орусча баяндама жасоого кимден уруксат сурадыңыз? Эмне үчүн кыргызча эмес? Ким уруксат берди сизге?" - деди төрага.
Ага Динара Кутманова төрагадан уруксат сураганын айтты. Нурланбек Шакиев азыр көрүп жатканын билдирип, жобо боюнча баяндама мамлекеттик тилде жасалышы керек экендигин белгилеп, тартип баарына бирдей экенин эске салды.
Баяндамачы андан аркы сөзүн кыргыз тилинде улантты.