Бишкек шаарынын мэри кечээ күнү Жогорку Кеңешке эмне себептен келбей калганын айтты

Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыровдун кечээ күнү парламентке эмне себептен келбей койгонуна кызыкты.
Алтынбеков мэрге Жогорку Кеңешке чакыруу каты жөнөтүлгөнүн, ага "келбейм деди" деген орой жооп келгенин белгиледи.
"Мен сасык тумоо болуп сыркоолоп, төрт-беш күндөн бери дарыланып жаткам. Кечээ футбол боюнча турнир өттү, анын ачылышына катышып эле кеткем. Кайра келип асма укол алып, дарыланып жүрөм", - деди Абдыкадыров.
Ошондой эле ал депутаттар менен чогуу иштешүүгө кызыкдар экенин айтып, алардан качпай турганын, тескерисинче эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирерин белгиледи.
Белгилей кетсек, кечээ депутаттар Бишкекти каптаган ыш маселеси боюнча тиешелүү кызматтардын маалыматын угууга чакырган. Анда калаа мэри келбей коюп, маселе бүгүнкүгө жылдырылган. Депутаттар аны жыйынга келбей футбол ойноп жүрөт деп сындаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан