Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев менен Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров кайым айтыша кетти.
Сатыбалдиев: — Урматтуу мэр, мыйзам боюнча жарандар 63 жаштан пенсияга чыгат. Сиз азыр "мен кесипкөйлүүлүктү карайм, мындан ары кадр алмашуулар болбойт, алардын кесипкөйлүүлүгүн өзүм текшерем" дедиңиз. Сиздин кесипкөйлүүлүгүңүздү ким текшерет?
Абдыкадыров: — Мени президент дайындайт, текшерет жана президент баа берет.
— Мен билем, президент сизге ишенет, сиз ага ишенесиз. Ал тар чөйрөдө деле, кенен чөйрөдө деле айтылып жүрөт. "Шаар болбой калды" деп өзүңүз кызматтан кеткенге эркиңиз жетеби?
— Андай оюм жок, Бишкек шаарында иштегениме тогуз ай болуп калды. Алдыда айтылган программаларымдын баарын ишке ашырайын деген планым бар. Мэрлер 5-6 ай эмес, жок дегенде 3-5 жыл иштеши керек. Чечилбей жаткан маселенин баары ошондон болуп жатат. Баштаган ишимди аягына чыгарышым зарыл. Мектептерди бүтүрдүк, эми таштанды заводун салабыз, электробустарды алып келебиз. Алдыда чоң-чоң пландар бар.
— Ошондо пландарыңыздын баары сиз 68ге чыкканда ишке ашат экен да.
— Эми аны иш көрсөтөт, сиз дагы көрөсүз. Аны мен эмес, дайындаган жетекчилер чечет экен. Суроону ошол жакка бериңиз.
— Ал жетекчилерге жакын экениңизди билебиз, анда барып "Садыр Нургожоевич, менин жашым деле келип калды, бошотпойсузбу" деп айтканга эркиңиз жетеби?
— Эми сиз деле өтө чоң кызматтарда иштеп жүргөнсүз, убагында ошондой сөздү айта албаган окшойсуз. Мен да билем сизди. Ошон үчүн чоң жетекчилерге айта турган сөзүңүз болсо өзүңүз сүйлөшүп алсаңыз, мен каршы эмесмин.
— Мен жаш кезимде келгенмин, ошондо "жаш экенмин, мени койбой эле койгула" деп айтканым тарых барактарында бар. Сиз мени менен кайым айтыша баштадыңыз. Макул, кадр башаламандыгын токтотом деп айттыңыз, ушул сөзүңүзгө тура аласызбы?
— Өзүңүз көрүп тургандай, менин орун басарларымдын баары жаштар. Себеби жаш балдар да кызматка келиши керек. Кадр даярдашы керек. Мен алар менен иштешип жатам.
— Демек, сиздин кесипкөйлүгүңүз боюнча Садыр Нургожоевичке кайрылышым керек экен да, ошондойбу?
— Жок, сиз мага сунуш берип жатпайсызбы. Ошондуктан бүгүнкү жыйындын чечимине мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча жазып койгула.
— Сиздин жеке таарынычыңыз бар, мен билем. Себеби, өткөндө орун басарым тосмоңузду бузуп койду. Мыйзамдын алдында баарыбыз бирдей жооп беришибиз керек, сизге окшогон 70 киши өздөрү тосмосун бузуп... Сиз грантка келген акчага жол, тротуар курууга тоскоолдук кылдыңыз. Депутаттык мандатыңызды сыйлап...
Ошол маалда төрага Нурланбек Шакиев мэрди айтышпоого чакырып, микрофонун өчүрдү. Андан соң депутат Сатыбалдиев ортолуктагы микрофонго чыгып мэрди жекеликке өтпөөгө чакырды.
"Мен ошондо эле айткам, мыйзам силер тарапта. Силер ошонун баарын бурмалап жатасыңар. Чала милиционер орун басарыңызды жөнөтүп шоу кылдыңар. Инимдин атынан "тосмону бузгула" деген кагаз турат. Тосмону буздуңар дагы кийинки жылга чейин акчабыз жок деп жасабай койдуңар. Азыр ошол 71 адамдын укугу тебеленип жатат. Кайталап коёюн, мен бул мэрге ишенбейм, чечимге жазып коюңуздар", - деди депутат.
Белгилей кетсек, быйыл сентябрда Бишкек шаарынын Шүкүров көчөсү, 166 дарегиндеги үйдүн тосмосу сүрдүрүлгөн. Бул үй Элмурза Сатыбалдиевдики экени айтылган.
Вице-мэр Нурдан Орунтаев Кытай грантынын негизинде ишке ашып жаткан долбоордун алкагында жолдун жашыл зонасы да иретке келтирилип жатканын айткан. Ошондой эле 71 үй "кызыл сызыктан" чыгып кеткенин, алардын тосмолору түрттүрүлөрүн, үйлөргө тийбей турганын билдирген.