
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашырууга эл аралык каржы уюмдары тартылат. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы билдирген.
Андагы маалыматка караганда, 16-декабрда Шавкат Мирзийоев темир жол инфраструктурасы ири аймактык долбоорундагы жүрүп жаткан иштер жана пландар боюнча маалымат алган.
"Чет элдик өнөктөштөр менен жетишилген макулдашуулардын аркасында долбоорлордун иши алга жылууда. Алардын бири 454 чакырымдык Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушу. Анда Бишкекте долбоордун кеңсесин ачуу каралган. Темир жол салууну ишке ашыруунун тартиби жана жүрүшү талкууланууда. Мындан тышкары эл аралык каржы уюмдары менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жалпысынан 1-июнга чейин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо пландалууда", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, ноябрь айында Кытайдын илим изилдөө институту тарабынан темир жол курулушунун алгачкы талаа изилдөөлөрү жүргүзүлгөн. 14-сентябрда Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлган.