Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, буга чейин аталган кызматты Алтынбек Жумаев аркалап келген. Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.