Нурланбек Шакиев Казакстандын элчисин кабыл алды

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

Нурланбек Шакиев канатташ жашаган кыргыз-казак мамилеси акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу, чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу жаатындагы маселелерге токтолду.

Өз кезегинде Рапил Жошыбаев дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берип, энергетика, коммуникация, транспорт жаатында мерчемделген долбоорлор тууралуу кеп кылды. Ошондой эле аймактар аралык байланышты бекемдөө багытында да тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатканын айткан элчи эки өлкөнүн жергиликтүү жетекчилери ортосунда форум өткөрүү планы бар экенин билдирип, баарлашууда айтылган сунуштардын бардыгын эске аларын кошумчалады.

Мындан сырткары жолугушууда Казакстандын Парламент Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келээри айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан