Садыр Жапаровду Санкт-Петербургда кандай тосуп алышты? (фото)

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкө лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапары менен учуп барды.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, мамлекет башчынын учагы “Пулково” эл аралык аэропортуна конду.

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин салттуу бейформал жолугушуусу Орусия президенти Владимир Путиндин демилгеси менен жыл сайын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, бул иш-чарага Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Орусиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чара УТРКда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

Түз алып көрсөтүү болжол менен саат 18:00 башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан