
Мамлекеттик кызматкерлерге 13-айлык төлөнбөй жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында
Кундузбек Сулайманов билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, президенттин август айынан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү боюнча жарлыгы бар жана анда жыл соңунда орточо маянанын өлчөмүндө 13-айлык берилери жазылган.
"Өткөндө Финансы министрлигинен үстөк акча менен 13-айлык боюнча сураганыбызда, "айлыктын көтөрүлгөнүнө байланыштуу булардын баарын кыскартып жатабыз" деген болчу. 13-айлык - бюджетте корголгон берене да, бул кандай болуп калат? Шайлоочулар "үстөк акчадан да ажыратып, эми 13-айлыкты бербей жатышат" деп чалууда. Алгач маалымат берип, анан 2023-жылдан тартып алса дагы мейли эле. Бирок азыр бул туура эмес болуп калат", - деди ал.
Жогору Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев аталган маселе боюнча тиешелүү комитетке протоколдук тапшырма берди.