Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев алдыда күтүлгөн катуу сууктан улам мектеп окуучулары менен бала бакчалардын тарбиялануучуларын онлайн режиминде окутууну сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Эл өкүлү мындай сунуш менен Билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакуновго кайрылган.
"11-январда катуу суук болору күтүлүүдө жана ошол күндөн баштап балдар мектепке барышат. Албетте, мындай суукка Бишкектин коомдук транспорту даяр эмес, ал эми мектеп, бала бакчалар даярбы? Мен WhatsApp аркылуу билим берүү министринен онлайн окутууну бир нече күнгө узартуу тууралуу ойлонуп көрүүнү сурандым", - деди Бекешев.
Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрү өлкөдө катуу суук болорун билдирген.