Бардык жергиликтүү кеңештердин төрагаларына айлык төлөө сунушталууда

Жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын баарына айлык төлөө демилгеленди. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков иштеп чыгып коомдук талкууга койду.
Учурда калкынын саны 20 миң кишиден кем эмес айылдык жана шаардык кеңештердин төрагаларына эмгек акы төлөнөт, ал эми калкынын саны 20 001 кишиге жетпеген айылдык кеңештердин төрагалары маяна алышпай, коомдук башталышта иштешет жана сессияларды өткөргөндүгү үчүн бир жолку компенсациялык төлөм алышат.
"Бүгүнкү күндө өлкөдө калкынын саны 20 миңге жетпеген 409 айылдык кеңеш жана райондук маанидеги 11 шаардык кеңеш бар. Коомдук башталышта иштеп жаткан төрагалар мыйзамда бардык айылдык кеңештердин төрагаларына бирдей деңгээлде жүктөлгөн жумушту аткарышат.
Эмгек акы менен камсыз кылуу айылдык кеңештердин ишмердигин активдештирүүнү камсыздайт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен өз ара иштешүүнү күчөтөт. Ушуга байланыштуу тургундардын санына карабай, жергиликтүү кеңештердин төрагаларына эмгек акы белгилөө сунушталып жатат", - деп жазылат анда.
Демилгечи Мамасадыков бул мыйзам долбоору бардык жергиликтүү кеңештердин төрагалары үчүн бирдей шарттарды түзүүгө багытталганын белгилеп, бир төраганын маянасы орточо 28 000 сом болсо, жылына кошумча 141 миллион 120 миң сомдун тегерегинде каражат керектелерин билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан