Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды өз ишине шалаакы мамиле жасап жатат деп сынга алды.
Жыйында "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү экинчи окууда каралып жаткан. Анда Юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова суроолорго так жооп бере албай жаткандыктан эл өкүлү Эмил Токтошев мыйзам долбоору "чийки" экенин, дагы толуктоолорду киргизүү зарыл экенин белгилеп, артка кайтарууну сунуштады.
Ал арада Нурланбек Шакиев депутаттарга маселе каралып жатканда жыйынга катышпай чыгып кетип, кийин кеч келип алып кайра суроо берип, башкалардын убакытын аласыңар деп нааразы болду.
"Өзүңүздөр маселе каралып жатканда талкууга активдүү катышпайсыздар. Анан бул жерде биринчи жолу угасыңар дагы, оюңарды айтасыңар да. Кагаз жүзүндө сунуштарды бербейсиңерби, кызыкпайсыңарбы... Кечирип коюңуздар, айрым депутаттар! Азыр кээ бир суроо берип жаткан депутаттарды көптөн бери жыйын залынан көрө элекмин. Көбүнчө маселе каралып жатканда чыгып кетесиңер. Бирөө суроо берип жатса укпайсыңар дагы, анан келип алып алдыда 10 депутат берген суроону 11-болуп сурап убакытты аласыңар. Кичине өзүңөрдү сыйлап, туура мамиле кылып, тартипти сактайлы да. Ошол үчүн дайыма убакыт созулуп кетип жатат", - деди төрага.
Ошондой эле ал парламентте эч качан маанисиз маселе каралбай турганын белгилеп, жыйындарга дайыма катышууга чакырды.
"Бул жерде отургула, катышкыла, ишиңерди так аткаргыла! Анан чыга калып эле "мен билбептирмин, көрбөптүрмүн, мен мындай кылам, сунуш берем, четке как" деген туура эмес, урматтуу депутаттар. Парламентте эч качан маанисиз маселе каралбайт, бул жерде каралган маселенин бардыгы маанилүү. Ошол үчүн баарына катышканга аракет кылыңыздар", - деди төрага.