Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Эмил Токтошев кайым айтыша кетти.
Эл өкүлү Токтошев төраганы депутаттарга акыл үйрөтпөөгө чакырды.
"Урматтуу төрага, мен деле сиздин бул жерде, төрдө отурганыңызды көрбөй жатам. Анан да депутаттын укугу бар. Биз сунуш кылып жатабыз. Бул жерде үч депутат тең кемчиликтер бар деп айтты. Бизге үйрөтпөй добушка коюп коё бериңиз, анан деле үйрөтө бересиз. Баары оңдоп коёлу деп жатат. Биз каршы эмеспиз, оңдойлу деп жатабыз. Мунун эмнеси жаман? Бул бойдон кабыл ала турган болсок, андай чийки мыйзамдын эмне кереги бар?" - деди Токтошев.
Ага чейин Нурланбек Шакиев депутаттарга маселе каралып жатканда жыйынга катышпай чыгып кетип, кийин кеч келип алып кайра суроо берип, башкалардын убакытын аласыңар деп нааразы болгон эле. Төрага айрым эл өкүлдөрүн жыйын залынан көптөн бери көрө электигин айтып, аларды бардык жыйындарга толук катышып, өз иштерин так аткарууга чакырган.