Жогорку Кеңеш таксисттерди лицензия алууга милдеттендирген мыйзам долбоорун четке какты

Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Анда депутаттар таксисттерди лицензия алууга милдеттендирген документти четке какты.

Мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги демилгелеген. Ага ылайык, лицензиянын жылдык баасы такси фирмаларына 1000, таксисттердин өзүнө 500 сомдон болмок. Ал эми оң рулдуу унааларга лицензия берилбей турганы айтылган.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев оң рулдуу унаалардын ээлери тарабынан нааразычылыктар болушу мүмкүн экенин белгиледи. Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев такси паркынын 50-60 пайызы оң рулдуу унаалар экенин айтып, альтернативалык вариантты, тактап айтканда лизингге автоунааларды берүүнү сунуштады.

Ошондой эле депутат Нуржигит Кадырбеков сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, көптөгөн жарандар жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташууга аргасыз болорун белгилеп, мыйзам долбоорун колдобоого чакырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан