Токтошев: "Валюта менен иштегендер долларды чет өлкөгө миллиондоп чыгарып кетүүдө"

Өлкөдө доллардын тартыштыгы атайлап жасалууда. Мындай пикирди бүгүн, 12-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.
Эл өкүлүнүн пикиринде, америкалык валютаны ири суммада чет өлкөгө чыгарып кетишүүдө. Токтошев министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, жагдайды тез арада көзөмөлгө албаса кесепети оор болорун белгиледи.
"Доллар эмнеге тартыш болуп жатат? Бул атайын жасалгандай сезилүүдө. Азыр 1 доллардын курсу 88 сомго чыкты. Эмне үчүн минтип көтөрүлүп жатат? Ансайын долларга болгон таңкыстык жаралууда. Кээ бирлери тааныш аркылуу алып жатышат. Менде валюта менен иштегендер Орусиядан келип, долларды миллиондоп алып чыгып кетип жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Ушуну көзөмөлдөңүздөр", - деди Токтошев.
Ошондой эле ал мисал катары Москвадагы "Домодедово" аба майданынан ири суммадагы акчасын тонотуп жиберген ишкерди эске салды.
"Күзүндө бир ишкер Орусияга накталай 4 миллион доллар алып баратып тоноткон. Эл бул жакта 1000 доллар ала албай жатса, ал анча сумманы каяктан алды? Бул чети эле. Демек, атайын жасалган коррупциялык схема бар. Муну жасаган кишилер бар. Көзөмөлгө алыңыздар", - деди эл өкүлү.
Жогорку Кеңеш 12.01.23
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан