Башкы прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда президенттин администрациясынан кабарлады.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Молдокматов Абай Молдокматович Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулду", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин, президенттин администрациясы прокуратура органдарынын бир катар жетекчилерин кызматтан бошотуу жөнүндө сунуш киргизгени маалымдалган.