Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматына Улукбек Султанов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда президенттин администрациясынан кабарлады.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Султанов Улукбек Ташболотович Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин, башкы прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматов ээлеген кызматынан бошотулган.