Масалиев Бишкекке өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады

Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башына чыккандыгына байланыштуу калаага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү зарыл. Мындай сунушту бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Исхак Масалиев айтты.

Депутат мындай чара калаадагы ыш көйгөйүн чечүүгө өбөлгө болот деп эсептейт.

"Биз ыштын арасында жашап жатабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерине борбор калааны текшертип, керек болсо өзгөчө абал киргизиш керек. Дүйнөдө тажрыйба ушундай. Жаман болду деп карап отура бербей, өзгөчө кырдаал киргизиш керек. Баарыбыз уу менен дем алып жатабыз", - деди Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан