Акаев: "40 миңден ашуун мекендешибиз кайра Кыргызстанга кайтып келиши толук мүмкүн"

Бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Казакстанда мигранттарга карата кабыл алынган жаңы жобо боюнча маселе көтөрдү. Эл өкүлү бул жобо коңшу өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерге кедергесин тийгизерин айтып, аны кайра жокко чыгартуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү керектигин белгиледи.

"Кечээ күндөн баштап Казакстандын өкмөтү биздин он миңдеген мигранттарды түйшүккө салчу жаңы эреже кабыл алды. Ага ылайык, биздин жарандар Казакстанда 90 күн жүргөндөн кийин кайра 180 күн кире алышпайт. Бул ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бардыгына тиешелүү. Казакстанда биздин эмгек миграциясында жүргөн 50 миңден ашуун мекендештерибиз бар", - деди Акаев.

Эл өкүлү төрага Нурланбек Шакиевге кайрылып Казакстандын Мажилисинин төрагасы менен ушул эрежени Кыргызстандын жарандарына карата жокко чыгартууну сүйлөшүүнү өтүндү.

"Ошондой эле февраль айынын башында Акылбек Жапаров Алматыга барганда бул маселени чече келсе. ЕАЭБге мүчө болуп туруп 6 айга кирүүгө тыюу салынат экен. Азыркы тапта биздин болгону 7 миңдей эмгек мигрантыбыз убактылуу жашаганга уруксат алган, 40 миңден ашуун мекендешибиз кайра Кыргызстанга кайтып келиши толук мүмкүн. Ушул маселенин алдын алып, чечип бербесек, аябай кесепети тийчүдөй болуп турат", - деди ал.

Жогорку Кеңеш 19.01.23
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан