УКМК, ИИМ кызматкерлеринин үйүндө электр жарыгы өчпөй элеби? Министрдин жообу

Карапайым калктын үйүндө электр жарыгы маал-маалы өчүрүлүп, ал эми УКМК, ИИМ кызматкерлеринин кызматтык үйүндө мындай көрүнүш болбой эле. Бул тууралуу бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Эл өкүлү мындай маалыматтар шайлоочуларынан келип жаткандыгын айтып, энергетика министри Таалайбек Ибраевден бул кептердин чын-төгүнүн сурады.

- Бекешев: Бизде азыр чектөөсүз тарифи иштеп жатабы?

- Ибраев: Иштеп жатат.

- Бекешев: Мына карабайсыңарбы, байларга электр энергия бар, жөнөкөй элге жок.

- Ибраев: Дастан Далабайевич, бул жерде линияга кошулганда бай же кедей деп тандалбайт.

- Бекешев: Аларда дагы өчүрүүлөр болобу?

- Ибраев: Баары туш келет. Анткени биз айрымдарды өзүнчө белгилеп өчүрбөй койгонго мүмкүнчүлүгүбүз жок.

- Бекешев: Мага шайлоочулар Көк-Жар конушунда бардык көчөлөрдө жарык өчүрүлөт, бир гана УКМК, ИИМдин кызматкерлерине салынган үйлөрдө өчпөйт деп жатышат.

- Ибраев: Андай жок, бүгүнкү күндө график менен 1 сааттан бардык жерде өчүрүлүп жатат.

- Бекешев: Мага кайрылып жатышпайбы, алар алдабайт го.

- Ибраев: Мен билгенден Көк-Жардын жогору жагында УКМК кызматкерлеринин 9 кабаттуу үйлөрү бар. Алардын баары өчүрүүлөргө туш келип жатат. Маселен, Көк-Жарда саат сегизден тогузга чейин өчсө, тигилердики тогуздан онго чейин өчүрүлүп жаткан болушу мүмкүн.

Жогорку Кеңеш 19.01.23
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан