
Бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат
Тазабек Икрамов энергетика министри
Таалайбек Ибраев 2009-жылы
Алексей Ширшов менен иштеп турган маалда ушундай болуп электр жарыгы өчүрүлгөнүн эске салды.
Эл өкүлү андан кийин келген бийликтин учурунда бул маселе токтогонун, эми Ибраев министр болгондон кийин кайрадан өчүрүүлөр болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле анын Ширшов менен жолукканы тууралуу интернетте сүрөттөрү жүргөнүн кошумчалап, бул маалымат канчалык деңгээлде чындык экенине кызыкты.
Ибраев 2009-жылы да суу аз болгондуктан түнкү саат 00:00дөн таңкы 6:00гө чейин электр энергиясына чектөө киргенин, ал эми Ширшов боюнча 10 жыл мурунку сүрөт чыгарылып жатканын айтты.
- Икрамов: Биздеги эң чоң көйгөй ушул. ЖЭБди аварияга учураткан адамды бүгүнкү күндө кайра кызматка койдуңуз. 2009-жылдары жарыкты өчүргөн сизди алып келип министр кылып койду. 30 жылдан бери мамлекетке зыян алып келген адамдар кайра-кайра кызматка келгенден улам ушул маселенин баары жаралууда. Эмне үчүн силерден кийин, 2010-жылдан сиз министр болгонго чейин мындай маселе болгон жок?
- Ибраев: Быйылкыдай -27 градуска чейинки суук мурда болгон эмес. Экинчиден, беш жылда бир суунун тартыштыгы кайталанат. Былтыркыдан суу 1,4 миллиард куб метрге гана көп. Бүгүнкү күндө жоопкерчиликти алып иштейм деген адам жокко эсе. Мен креслого жабышпайм. Менин ордума бирөө ушул кырдаалдан чыгарып кетүүгө даярмын десе ордумду бошотуп берүүгө даярмын.
- Икрамов: Силерди кызматтан албай эле жоопко тартыш керек.
Мындан сырткары Икрамов министрге күн нурунан жана шамалдан электр энергиясын өндүрүү багытында иш алып барууну сунуштады.
Белгилей кетсек, Таалайбек Ибраев 2009-жылы "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген.