Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко өлкө башчы Садыр Жапаровду Беларусь менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
"Достуктун жана сый-урматтын салттарына таянуу менен акыркы он жылдыкта биздин мамлекеттер татыктуу биргелешкен жолду басып өтүштү.
Минск менен Бишкектин өз ара аракеттенүүсү терең жана ар тараптуу мүнөзгө ээ болду. Соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык активдүү өнүгүп жатат, интеграциялык бирикмелердин алкагында конструктивдүү диалог түзүлдү.
Биргелешкен күч-аракеттер менен биздин өнөктөштүгүбүздүн бекем пайдубалы эки өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгында мындан ары да чыңдалат деген ишенимди билдирем", - деп айтылат куттуктоодо.
Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана Ата Мекендин жыргалчылыгы үчүн маанилүү ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.