Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Тазабек Икрамов унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча мыйзамдын аткарылышын 2025-жылга жылдырууну сунуштады.Белгилей кетсек, ОСАГО жөнүндө мыйзам жети жыл мурун кабыл алынган. Бирок документти ишке ашыруу ушул жылга чейин бир нече жолу кийинкиге калтырылып келген. Эми өлкөдө айдоочулар автотранспорттук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) ушул жылдын башынан тарта алып башташы керек. 1-апрелден тарта полиси жокторго 3000 сомдон айып пул салынары кабарланган.