
Бүгүн, 24-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат
Улан Бакасов педофилдерге хирургиялык бычууну киргизүүнү сунуштады.
"Жашы жете элек балдарга карата зомбулук маселеси резонанс жаратууда. Балдарды коргоо үчүн педофилдерге жоопкерчиликти күчөтүү зарылчылыгы турат. Негизи педофилдер өлүм жазасына татыктуу. Бирок Баш мыйзамда өлүм жазасына тыюу салынган. Ушуга байланыштуу Конституцияга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү талап кылынат", - деди Бакасов
Сунуштар:
- жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор психиатрдын текшерүүсүнөн өтүшү керек;
- педофилияга жакындыгын, кастрация кылуунун зарылчылыгын дарыгерлер аныкташат;
- мындай экспертиза соттолгон киши бошотулганга чейин алты айдан кечиктирилбестен өткөрүлүшү керек.
Ошондой эле ал балдарга зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазаны катаалдатып, 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштоодо.
Тармактык комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.