"Эртең биз да отуруп калышыбыз мүмкүн". Токторбаев абактагыларды жумуш менен камсыз кылууну сунуштады

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев камакта отургандардан кабар алып, аларды жумуш менен камсыз кылууну сунуштады.

"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргызстандын аймагында 6 миң 600 жүз адам, анын ичинен 226 аял киши, 12 өспүрүм балдар соттолуп камакта отурушат.

Ал жерде соттолуп отурган биздин жарандар, биздин эле бир туугандарыбыз. Эртең ошол жерге барып биз да отуруп калышыбыз мүмкүн, эч ким кепилдик бере албайт. Ошол үчүн камакта отурган жарандарыбыздан кабар алып, ал-акыбалы менен таанышып келишибиз керек.

Андан сырткары түрмөдө отургандар 45-50 жашка чейинки иштей турган жарандар экен. Алар азыр жумушу жок отурушат. Мурун союз мезгилинде ар бир түрмөнүн ичинде чакан завод-фабрикалар болчу эле, азыр эч нерсе жок. Өкмөттөн ошол 6 миң 659 кишини каржылаш үчүн 1 миллиард сом кетет экен. Ал жерде жалаң эле оор кылмышка шектүү жарандар отурган жок", - деди Токторбаев.

Ошондой эле ал жеңил кылмышка айыпталып камалгандарды эркиндикке чыгаруу керек экенин кошумчалады.

"Соттун өкүмдөрүн дагы бир сыйра карап чыгып, эгер жеңил кылмыш менен шектелип камалгандар болсо, пробацияга же эркиндикке чыгарбайлыбы. Аларды ал жакта камап отуруштун эмне кереги бар", - деди ал.

Жогорку Кеңеш 26.01.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан