"Соттор, муну кантип түшүндүрөсүңөр?" Жанар Акаев Айза Улан кызынын ишине байланыштуу маселе көтөрдү

Депутат Жанарбек Акаев 24 жаштагы Айза Улан кызынын өлүмүнө себепкер айдоочуну үй камагына чыгарган соттордун чечимин сынга алды. Ал бул маселени бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү.

"Мен Жогорку Соттун төрагасына кайрылам. 9-январь күнү Бишкекте чырактай болгон Айза Улан кызын мурдагы МАИ кызматкери сүзүп өлтүргөн. Айдоочу ошол жерден токтоп, кызды ооруканга алып барыштын ордуна из жашырып качып кеткен. Аны күч органдары издеп жүрүп, 3 күндөн кийин табышкан. Ошону сот абакка кесип, жазасын берүүнүн ордуна үй камагына чыгарган. Мына ошол чечимди бүгүн шаардык сот күчүндө калтырды.

Эми Кыргызстанда сен унааң менен адамды сүзүп өлтүрсөң боло берет, жазага тартылбайсың деген түшүнүк калыптанат. Азыр ансыз да элдин 90 пайызы Кыргызстандагы сот системасына ишенбейт. Мына ушундай учурда адамды көз көрүнөө сүзүп өлтүрүп, качып кеткен адамды бир күн дагы жазага тартпастан үй камагына чыгарып жатат. Демек, бизде бирөөнү сүзүп өлтүрсөң деле камалбай, үйүңдө жата берсең болот экен да.

Муну кантип элге түшүндүрөбүз? Соттор кантип түшүндүрүшөт. Бул өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп жатпайбы. Кыздын ата-энеси боздоп, бир үйдө чоң трагедия болуп жатса, соттор эч нерсе болбогондой бошотуп койгонун кантип түшүндүрсөк болот. Мен түшүнбөйм", - деди Жанарбек Акаев.

Ал ошондой эле Кыргызстанда камалышы керек болгондор камалбай, камалбайт дегендер камалып жаткан учурлар көп кездешип жатканын баса белгиледи.

Эске салсак, бүгүн, 26-январда Бишкек шаардык соту Айза Улан кызынын өлүмүнө байланыштуу ишти караган. Анда 14-январдагы Свердлов райондук соту чыгарган чечим өзгөртүүсүз калтырылып, шектүү үй камагына чыгарылган.

Жогорку Кеңеш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан