Бүгүнкү күндө биз Кыргыз-Өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чындыгында эле тарыхый окуя. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы кеңири форматта жолугушуу учурунда билдирди.
"Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк. Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем. Урматтуу Шавкат Миромонович, Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маанилүү маселелерди чечүүдө сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет", - деди Жапаров.
Жапаров ушул мамлекеттик визиттин алкагында келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу менен маанилүү окуя бекемделерин билдирди.
"Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюу менен өз ара мамилелерибизди кызматташтыктын болуп көрбөгөндөй деңгээлине чыгарабыз", - деди президент.
Эске сала кетсек, Өзбекстандын президенти эки күндүк мамлекеттик сапары менен Бишкекке кечээ, 26-январда келген.