Бүгүн, 27-январда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өлкө башчы Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин расмий жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө лидерлери ардак кароол тизилген аземге катышып, эки тараптын делегация өкүлдөрү менен учурашышты. Андан соң кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүү орун алып, кыргыз-өзбек кызматташтыгынын маанилүүлүгү, андагы жетишкендиктер жана эки тараптуу макулдашуулар тууралуу пикир алмашуу орун алды.
Өлкө башчы Садыр Жапаров өзбек ажосунун Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенине терең ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-өзбек достугунун бийик деңгээлге көтөрүлгөнүн өзгөчө белгилеп өттү.
"Кыргызстан бир тууган Өзбек өлкөсү менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биз үчүн Өзбекстан жакын коңшу, ишенимдүү дос жана стратегиялык өнөктөш. Бүгүнкү күндө биздин мамилебиз эң бийик деңгээлде экендигин белгилеп өткүм келет. Биздин мамлекеттер арасында эч кандай саясий пикир келишпестик жок. Мындан ары да биргелешкен күч менен достуктун, жакын коңшулуктун жана бир туугандыктын негизинде эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрөбүз деп ишенем", - деди мамлекет башчысы.
Өзбек лидери да Садыр Жапаровго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылыгын билдирип, бир тууган мамлекеттер ортосундагы мамиле эгемен тарыхтагы эң жогорку тепкичке чыкканына токтолду.
"Биз эки тараптуу сүйлөшүүдө бардык багыт боюнча, бүт суроолорду карап чыктык. Ортобузда эч кандай көйгөй же суроо калган жок деп ишеничтүү айта алам. Биздин мамиленин мындай жогорку деңгээли Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнүн эгемен тарыхында алгачкы жолу болууда. Мен кесиптешим Садыр Нуркожоевичке өзгөчө ыраазычылык билдирип кетким келет", - деди Мирзийоев.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашылган долбоор тууралуу да сөз болуп, эки президент тең муну бир тууган эки элдин жетишкендиги деп баалады. Андан соң эки тараптын делегация өкүлдөрү бир катар багыттарда кызматташуу тууралуу макулдашууларды алмашып, президенттер ага кол койду.
Эске салсак, коңшу өлкөнүн лидери Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен кечээ, 26-январда келген. Буга чейин Садыр Жапаров да Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен 2021-жылдын март айында барып келген эле.