Түркияда 44 саат урандылардын астында калган 2 жашар наристе куткарылган учурдун видеосу

Түркияда жер титирөө болгондон 44 саат өткөндөн кийин урандылардын астынан 2 жашар наристе тирүү табылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Анда куткаруучулар Мухаммед аттуу бөбөктү урандынын астынан чыгарып жатканын көрүүгө болот. Аталган окуя Хатай провинциясында орун алгандыгы айтылат.

Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда зилзаладан 5 894 адам көз жумса, 34 810 жаран жабыркаган. Мындан тышкары 5 775 турак жай ураган. Ал эми Сирияда каза болгондордун саны 1 712ге жеткени жана 2 054 киши жабыркаганы айтылууда.

Видео интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан