Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн депутаттардын 2 күндүк маянасын которууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-февралдагы парламенттин жыйынында айтты.
"Учурда кыргыз өкмөтү ӨКМнын куткаруучуларын Түркияга жөнөтүп, жардам көрсөтүп жатат. Жогорку Кеңеш дагы карап турбастан 2 күндүк маянабызды Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдында ачылган эсепке которуп берели", - деп сунуштады эл өкүлү.
Депутаттын сунушу добушка коюлуп, колдоо тапты.
Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган. Акыркы маалыматтар боюнча табият кырсыгынан каза болгондордун саны 12 миңден ашты. Буга байланыштуу Түркияда 7 күн аза күтүү жарыяланган.
Кыргызстандан барган 63 куткаруучу учурда зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарында куткаруу иштерин жүргүзүүдө.