Бүгүн, 9-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов унаалардын алдыңкы каптал айнектерин акы төлөп караңгылатуунун баасын арзандатууну сунуштады.
Эл өкүлү уруксат алуунун баасы кымбат болгондуктан эл эки катмарга бөлүнүп калууда деп эсептейт.
"80 миң сом деген өтө кымбат. Мунун айынан эл бай-кедей болуп бөлүнүүдө. Айыл жергесиндеги жарандардын бардыгы эле 80 миң сом төлөй албайт. Бирок алар деле элге окшоп, айнектерин караңгылатып жүргүсү келет", - деди Кокулов.
Эске салсак, унаалардын алдыңкы каптал айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат 2022-жылдын 1-июнунан тарта берилген. Долбоорду министрлер кабинети сунуштаган.
Уруксат баасы жеке жактарга — 80 миң сом, юридикалык жактарга — 100 миң, ал эми чет элдиктер үчүн — 120 миң сом деп белгиленген. Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет.
Долбоор боюнча такси, жүргүнчү жана жүк ташуучу унааларга каптал айнектерди караңгылатууга уруксат берилбейт. Ошондой эле жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптарды төлөбөгөн жарандар алдыңкы каптал айнектерин караңгылата албайт. Уруксаты жок караңгылатып алгандар 20 миң сомдон 40 миң сомго чейин айып пул төлөөгө милдеттүү болот.