Депутаттар жаңы конуштарды газдаштыруу үчүн элге субсидия берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы жаңы конуштарды газдаштыруу үчүн элге субсидия берүүнү сунуштады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, фракциянын лидери Жанар Акаев баштаган депутаттар 10-февралда Ак-Ордо (ТЭЦ-2) конушунун тургундары менен жолугушуп, үйлөргө газ киргизүүдөгү көйгөйлөр тууралуу кеңири талкуу жүргөн.
"Соңку жылдары борборду каптаган ыш олуттуу көйгөйгө айланды, аны чечүү аракеттери жыл бою токтобошу керек. Ал үчүн конуштардын тургундарына газга туташууга кеткен чыгымын жаба турган өлчөмдө субсидия берүү зарыл. Биз муну министрлер кабинетине сунуштайбыз. Экология, саламаттыкты сактоо тармагына алынып жаткан гранттардын бир бөлүгү ушул багытка жумшалышы керек", - деди Акаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандар депутаттарга бир нече социалдык көйгөй менен да кайрылышкан.
Алсак, 130-маршруттук каттамдын токтоочу (конечный) жерине айдоочулар ашкана жана башка керектелүүчү курулмаларды салып берүүнү өтүнүшсө, жергиликтүүлөр тез арада аталган конушту Сокулук районунан бөлүп Бишкекке өткөрүү, жашылдандырууга мэриядан уруксат алып берүү, таза суу менен камсыздоо, балдар мектепке баруучу жолду жарыктандырууну суранышкан.
Ал эми эл өкүлдөрү Ак-Ордодо турган 600 адамдын кайрылуусун четке какпай, айтылган көйгөйлүү маселелерди министрлер кабинети менен биргеликте карап, мыйзам чегинде чечилүүсүн көзөмөлгө аларын убадалашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан