Садыр Жапаровдун Венгрияга сапары: Президентти кимдер коштоп кетти? (тизме)

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда расмий сапар менен Будапештке (Венгрия) жөнөп кетти.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, расмий сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, кыргыз-венгер бизнес форуму жана башка иш-чаралардын өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

- Мамлекет башчысынын жубайы Айгүл Жапарова;

- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков;

- билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов;

- санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- юстиция министри Аяз Баетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан