Бүгүн, 15-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Мирлан Самыйкожо жол салгандарды көзөмөлдөө үчүн аларга УКМКнын бир кызматкерин кошууну сунуштады.
"Жолдордун салынышын көзөмөлгө алыш керек. Салынган жолдордун сапаты начар болууда. Жол салып жатканда фирманын өкүлдөрүнө УКМКнын бир кызматкерин кошсок кандай болот, ошол бардыгын көзөмөлдөй турган кылып? Болбосо жолчулар жонду сыйрып, жолдон "жеп жатышат". Ушул сунушту кат жүзүндө берип коёсуздарбы?" - деди Самыйкожо.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев мындай кылса болорун айтып, сунуш эске алынарын билдирди.