Быйыл канча мектеп салынары айтылды

Быйыл авариялык абалдагы мектептердин бардыгы жаңыланат. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

"Быйыл айрым гана жерлерде жаңы мектеп курулбаса, азыр курулушу 50 пайыздан өткөн мектеп менен бала бакчаларды бүтүрөбүз. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 547 объекттин баарын баштап алган экенбиз, жакынкы 3 жылда ошолорду бүтүрүүгө аракет кылабыз. Жакынкы 10 жылда жылына 24 жаңы мектеп куруп турушбуз керек. Быйыл 50 пайыздан көбү авариялык абалга жетип калган 65 мектеп аныкталды, ошолордун баарын жаңылайбыз. Азыр дагы 35-40 мектепти тактап жатабыз", - деди Жапаров.

Жогорку Кеңеш 16.02.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан