Бүгүн, 16-февралда парламентте жазгы талаа иштерине даярдык боюнча өкмөттүк күн өтүүдө. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тийиштүү жана жооптуу адамдардын баары чакырылган.
Негизги баяндамачы катары айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ортолуктагы трибунада суроолорго жооп берип жаткан. Ал арада төрага Нурланбек Шакиев министр Жаныбековдун суранычын четке какты.
"Аскарбек Сапарбекович, сиз негизги баяндамачысыз. Отурайын деп кайра-кайра суранасыз. Мурдагы өкмөт башчылар 4-5 саат турушчу. Сиз 2 саатта бутуңуз талып кетип жатса, кийин кантип өкмөт башчы болосуз? Чыдаңыз, өкмөт башчы болосуз. Акылбек Үсөнбекович деле өткөндө бул жерде 4 саат турган", - деди Шакиев.
Ага Жаныбеков Акылбек Жапаровдун эле командасында иштеп турарын айтты.