Төрага Шакиев баштаган 9 депутат Түштүк Кореяга иш сапары менен кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түштүк Кореяга расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ким Чжин Пхё баштаган жетекчилер менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана мекендештер менен да баарлашып, Кореядагы өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен да таанышат.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Искендер Матраимов, Айбек Алтынбеков, Таалайбек Сарыбашов жана Алишер Эрбаев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан