Бишкекте мыйзамсыз курулган турак-үйлөргө мунапыс берүү пландалууда

Бишкектеги мыйзамсыз курулган объекттерге мунапыс жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңеште "Бишкекбашкыархитектура" мекемесинин башчысы Урмат Карыбаев билдирди.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында маалым болгондой, өлкө боюнча 87, анын ичинде Бишкекте мыйзамсыз курулган 34 объект бар.

Учурда комиссия түзүлүп, мыйзамдаштыруу процесси жүрүүдө. Бул көп кабаттуу турак жайлар жана коомдук имараттар. Биз мунапыстын долбоорун даярдап, министрлер кабинетине кароого жөнөттүк”, - деди Карыбаев

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу мунапыс курулуш стандарттарына жооп берген объектилерге гана колдонуларын белгиледи.

“Бул бир жолку мунапыс акциясы болот. Андан соң мыйзамсыз объектилерди куруп жаткан курулуш компанияларына карата конфискациядан тарта лицензиясынан ажыратууга чейин чаралар көрүлөт”, - деди ал.

Жогорку Кеңеш 21.02.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан