Жогорку Кеңеш “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген. Ага ылайык, 16 жаштан жогорку ар бир кыргызстандык жылына 1722 сом төлөйт. Ал эми чет элдиктер үчүн 18 миң сом болот.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калктын айрым категорияларына медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз жана жеңилдетилген шарттарда берүүнү камсыздоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан