Бишкектеги жол тыгыны: Тазабек Икрамов кортеж менен жүргөндөрдү сынга алды

Бүгүн, 1-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов борбор калаадагы жол тыгыны боюнча маселе көтөрдү.

"Эң негизги көйгөйлөрдүн бири жолдогу тыгын маселеси болуп турат. Ушул маселени чечсек болот эле. Кортеж менен келгендер эртең менен эл жумушка келгенге чейин келип, кечкисин эл кеткенден кийин саат 20:00дан кийин кетсек. Жогору жактагылар жолду МАИ кызматкерлери менен тоспой, ушул маселени чечип бербейлиби", - деди Икрамов.

Ошондой эле ал жумуштан кийин Манас проспектиси менен жүрүү мүмкүн болбой калганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, күн сайын эртең менен Бишкектин Манас проспектисин бойлой президенттин кортежи өтөт.

Жогорку Кеңеш 01.03.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан