Бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорун “Альянс” фракциясынын депутаттары иштеп чыккан. Авторлордун бири Жанар Акаев мэрди түз шайлоо менен калааны өнүктүрүүгө дарамети жеткен менеджерлерди тандоого мүмкүнчүлүк болорун жана шайланган мэрдин эл алдында жоопкерчилиги күчөй турганын билдирди.
Талкуу учурунда айрым эл өкүлдөрү Ош шаарынын мэрин да түз шайлоо керектигин айтышты. Кээ бир депутаттар Кыргызстан президенттик башкарууну тандап алганын, мэр туруктуу иштеши үчүн мамлекет башчысы дайындашы керектигин белгиледи.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору добушка коюлуп 38 депутат макул болсо, 13өө каршы добуш берди. Мындан улам демилге өтпөй калды. Колдоо табышы үчүн кеминде 46 эл өкүлү макул болушу керек эле.
Белгилей кетсек, мурда мэрлерди жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлачу. 2021-жылы мыйзам өзгөртүлүп, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент, райондук маанидеги шаарчалардын башчысын аким дайындап калган.