SITE 2024-жылдагы глобалдык конференциясын Стамбулда өткөрөт

Түркияда жарандарды туризмге шыктандыруу, кызыктыруу, дем, мотивация берүү менен активдүү алектенип келе жаткан Incentive Travel Excellence коому (SITE) 2024-жылдагы глобалдык конференциясын Стамбулда өткөрөт. Иш-чара кийинки жылдын 26-29-февраль күндөрү уюштуруларын Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

SITE коому 50 жылдан бери туризмге дем берүүчү уюм катары иштеп келе жатат. Ассоциациянын дүйнөнүн 90 өлкөсүндө 2500дөн ашык мүчөсү, ошондой эле 27 жергиликтүү жана аймактык филиалы бар. Түркия да ассоциациянын Европадагы сектордук мотивациялоочу күчү кеңири жайылган өлкөлөрдүн катарына кирет.

SITEнин Стамбулда өтө турган эл аралык конференциясына дүйнө жүзү боюнча саякат жана дем берүүчү туризм адистери чогулат. Жыйынга келген туризм мыктылары бул тармактын келечегин калыптандыруу, бекемдөө жана байланыштарды чыңдоо, ошондой эле окуу, ачылыш жана кызматташуу каналдарын түзүү жолдорун талкуулашат. Тармактык коммуникация, маанилүү байланыштарды түзүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү биринчи колдон үйрөнүү сыяктуу артыкчылыктарга ээ болушат.

SITEнин ири туристтик жыйыны Түркияда алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Конференцияга АКШ, Улуу Британия, Канада, Франция, Швейцария, Испания, Мексика, Германия, Аргентина, Австралия, Бразилия, Кытай, Индия, Израил, Италия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн атайын мүчөлөр катышышат. Ошондой эле 500дөн ашуун тармактын адистери келишет.

Үч күнгө созула турган иш-чара конференция жана тармактык секцияларды камтыйт. Жыйындын жүрүшүндө дүйнө боюнча мыкты туризм менеджери катары аты чыккан эксперттер лекция окушат.

SITEнин глобалдык конференциясы дүйнөнүн төрт бурчунан келген катышуучуларга Түркияны жакындан таанытууга шарт түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан