Кыска юбка, түстүү колготки жана тар шымды жараткан дизайнер Мэри Куант каза болду

Британиялык дизайнер Мэри Куант 93 жашында каза болгонун анын үй-бүлө мүчөлөрүнө шилтеме берүү менен Sky News билдирди. Ал өз үйүндө каза болгон. Өлүмдүн себеби айтыла элек.

Мэри Куант 1930-жылы Лондондо төрөлгөн. Аталган шаардагы Голдсмитс искусство колледжин бүтүргөн.

Ал мода индустриясында өчпөс из калтырып, белгиленген нормаларды четке кагып, аялдардын модасынын жаңы доорун жар салган.

1955-жылы ал Лондондо "Базар" бутигин ачып, ал жерде биринчи жолу "мини юбканы" жараткан. Мындан сырткары "кыска шортанын" да негиздөөчүсү болуп эсептелет. Ошол эле учурда ал аялдардын гардеробуна платформалык бут кийимдер, түркүн түстүү колготкилер, чөнтөктөрү бар көйнөктөр жана тар шымдардын модасын киргизген.

Мэри Куант кийим-кече жана бут кийимдерди долбоорлоодон тышкары, көз айнек жана косметика өндүрүшүндө да иштеген. Ошондой эле Mini унаасынын ички дизайнын иштеп чыккан. 1990-жылы Британ мода кеңеши Мэри Куантка англис модасына кошкон салымы үчүн сыйлык берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан