Кадырбеков кылмыштуулук эмнеге көбөйгөнүн талдоону сунуштады

Кыргызстан кылмыштылууктун деңгээли боюнча дүйнөдө 38-орунга чыкты. Бул туурасында бүгүн, 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Эл өкүлү буга байланыштуу күч органдарына тапшырма берип, жагдайды талдоо керектигин белгиледи.

"Жакында эле дүйнөлүк рейтинг жарыяланды. Анда кылмыштуулуктун деңгээли боюнча Кыргызстан 142 мамлекеттин ичинен 38-орунга чыгыптыр. Казакстан 48-орунда, Өзбекстан 102-орунда. Ал эми КМШда Беларустан кийин эле 2-орунда экенбиз. Алардын калкы биздикинен көп. Демек, "жиндилер" деле көп болушу керек эле. Мунун айынан туристтерди да чочутуп алышыбыз мүмкүн, ал эми инвесторлорду айтпай эле коёюн", - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңеш 20.04.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан