Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова жалгыз бой энелерге жеңилдетилген насыя менен берилүүчү үйлөрдү куруп берүүнү сунуштады.
Эл өкүлү Бишкек шаарына 6 миңден ашык батирлер салынып жатканын белгилеп, бул долбоордон жалгыз бой энелерди четте калтырбоо керектигин кошумчалады.
"Бизде "жалгыз бой энелер" деген көйгөй бар. Акыркы убактарда ажырашуулардын саны артып, мындан улам тирүүлөй жетим калган балдар да көбөйүүдө. Жетим калган балдардын багуу жоопкерчилиги жалгыз бой энелердин моюнунда калууда. Бул жүрөк өйүткөн маселе. Жалгыз бой энелерге мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүү зарыл", - деди Нарматова.
Ошондой эле ал жалгыз бой энелерге арнап атайын үйлөрдү салууну сунуштады.
"Жалгыз бой энелерге 1 же 2 бөлмө босо да, жеңилдетилген насыя менен үй алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берсек. Муну менен бир эле учурда жалгыз бой энелерге жана тирүүлөй жетим калган балдарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөткөн болоор элек", - деди ал.