Төрөбаев Кыргызстандагы кытайлык ишкерлер менен жолукту. Анда эмне талкууланды?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ли Юэ мырза баштаган ишкерлер менен болгон жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташууну илгерилетүү максатында биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

"Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда чет өлкөлүк капиталды коргоонун жана сактоонун мамлекеттик гарантияларын камсыз кылуу жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча боюнча чаралар ишке ашырылганын белгиледи.

Ал эми кытайлык ишкерлер өз ара соода жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана эки тарапты тең кызыктырган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өкмөттүн маалымат кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Кытай менен болгон соода жүгүртүүсү 4 миллиард 130 миллион долларды түзгөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан