Акылбек Жапаров Өзбекстандын президенти менен жолугушту 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолукту.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүк жана көп кырдуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

"Биргелешкен бизнес-демилгелерди жана келечектүү инвестициялык долбоорлорду колдоого, экономика, өнөр жай, транспорт, логистика жана айыл чарба тармактарында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Өз кезегинде Шавкат Мирзийоев эки өлкөнүн ортосундагы практикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жана өз ара аракеттенүүнүн күн тартибин конкреттүү долбоорлор менен толтурууну белгиледи. Жолугушуу адаттагыдай ачык, иштиктүү жана достук мамиледе өттү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан