Кадырбеков: "Кийинки революция Улуттук банктын алдында болот"

Бүгүн, 4-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков банктарга элдин нааразычылыгы күчөп жатканын билдирди.

Ал Улуттук банктын өкүлүнө кайрылып, бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

"Бизге көптөгөн жарандар кайрылууда. Насыяны доллар менен алгандар, доллардын куну жогорулап кеткендиктен улам төлөө мөөнөтүн узартып берүүнү өтүнсө макул болбой же ага чейин төлөгөн акчасын да кайтарып бербей, ошол эле мезгилде күрөөгө койгон үйүн дагы алып жатыптыр. Билесиздер, пандемияга чейин 1 доллар 60 сомдун тегерегинде болчу, азыр бир топ көтөрүлдү. Ошондой банктарды бир карап коюңуздарчы! Банктар элди мыйзамдуу жол менен тоногон "кан ичкич " болду го", - деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал бир жаран 30 миң доллар насыя алып, анын 22 миң долларын төлөгөнүн, ортодон бир аз убакыт төлөй албай калса күрөөгө койгон үйүн алып жана ага чейин төлөгөн акчасын да бербей койгонун мисал келтирди.

"Бул жөн эле тономой. Ушуну жакшылап караңыздарчы. Эгер ушуга жакшылап көңүл бөлбөсөңөр, кийинки революция Улуттук банктын алдында болот. Эл мурдагыдай ак үйгө эмес, Улуттук банкка кол салат. Ушуну эсиңерге түйүп алгыла!" - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан