Азербайжанда машыгууда баланын өлтүрүлүшү: Баланын апасы үрөй учурган окуяны айтып берди

Азербайжанда дзюдо боюнча машыктыруучусу тарабынан өлтүрүлгөн жети жашар баланын апасы машыктыруучу буга чейин эле уулун кемсинтип, кордоп келгенин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маркумдун апасы Айнура Бакарова ошол каргашалуу күнү Халиловдун психикалык абалы туруксуз болгон деп эсептейт.

"Уулум Фарид машыктыруучу Мехман Халиловдун кол алдында төрт ай машыкты. Фарид чоң кишидей эле, аскер адамы болууну кыялданчу. Баламды жалгыз машыгууга эч качан жиберчү эмесмин. Ошол күнү түшкү саат эки жарымда спорт залга алып баргам. Ошондо эле машыктыруучу өзүн башкача алып жүргөн. Ал мага "балаңарды кыздардай кылып тарбиялап жатасыңар" деп башкача тон менен айтып, сыртта күтүп тур деди.

Мен ылдый түшүп күтүп жатып, өйдө жактан кыйкырыктарды уктум. Машыктыруучу Мехман агрессивдүү кыйкырды. Үстүңкү кабатка чыксам, баламдын кийимдери суу болуп калыптыр. Өзүм менен кошо запастык шым ала келгем, дароо анын кийимин алмаштырдым. Ошондон кийин машыктыруучу мага залдан чыгууну айтты. Балам чарчагандай көрүндү. "Балам эмнеге мындай абалда?" деп сурадым. Машыктыруучу алар кросс чуркашканын, ошондуктан чарчаганын айтты", - деген маркумдун апасы.

Ошондой эле ал уулу Фарид анын көзүнө коркуп карап, эч нерсе болбогонун айтканын айтты. Анын айтымында, машыктыруучу балага дайыма кысым көрсөтүп турган.

Буга чейин Азербайжандын Сумгаит шаарында дзюдо жана самбо боюнча машыктыруучу, Европа оюндарынын коло байгесинин ээси Мехман Халилов өз тарбиялануучусу болгон жети жаштагы баланы сабап өлтүргөндүгү кабарланган.

Машыктыруучу 7 жашар баланы машыгуу учурунда сабап өлтүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2023-05-05 20:57:00
Кавказ эли зөөкүр, адепсиз, чыдамсыз болушат. Спортту гана биринчи орунга кое бербеш керек. Болбосо акырындык менен баланар ото ачуулу, чыдамсыз, кыял зөөкүр болуп калат. Балдарды музыка, искуство жагына да тартыш керек, ошондо баланын мунөөзү жумшак болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан