Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңеште Баш мыйзамдын 30 жылдыгына арналган жыйын өттү. Ага парламент депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бир катар коомдук-мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар катышты.
Жыйында сөз сүйлөгөн "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров кыргызда Конституциядан да бийик турган макал-лакаптар бар экенин, ошол накыл кептер менен жашасак адилеттүү турмуш болмок экенин айтты.
"Таянарың болбосо, таамай сөздөн не пайда?" дейт. Бул жерде таамай сөздөр айтылат, бирок аткарылбайт. Ар дайым бийликке келген кишинин Конституциясын "эң мыкты, кынтыксыз" деп көкөлөтүп келдик. Качан, кайсы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөндө, туура эмес өттү деп айттык, айткылачы? Шатырата кол чаап, бүгүнкү киргизген өзгөртүүлөр накта элдин каалоосу болду деп отуруп ушул күнгө келдик. Кеп Конституцияда эмес, кеп коомдо жана коомду башкарган бийликте", - деди Мадумаров.
Эл өкүлү дүйнөдө бир катар өнүккөн мамлекеттердин Конституциясы жок экенин, коңшу Өзбекстан эгемендик алгандан бери Баш мыйзамын биринчи жолу өзгөрткөнүн айтып, өлкөнүн өнүгүүсүндө Баш мыйзамдын өзгөртүлгөнү эмес, анын аткарылганы маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле ал өлкөдө Конституциянын талаптары аткарылбай келерин билдирип, бир катар мисалдарды санап өттү.
"Мен ушул жыйынга келбей эле койсомбу деген оюм бар эле. Бир атанын балдарындай болуп, жакшынакай күлүп отурганда көңүлдөрүн чөктүрбөйүн дедим эле. Мен кечирим сурайм, бирок менин жүрөгүм мындан башка сөздөрдү айта албайт. Менин көзүм ушуларды көрүп, акылым ушуларды түшүнүп турат. Эгер башка дүйнө, башка ааламда жашап жатсам, мен кечирим сурайм. Менин майрамдоого укугум жок, майрам күн катары да көрбөйм. Эгер Конституцияда жазылгандын бардыгы кыйшаюусуз аткарылса, мен аны төбөмө көтөрүп жүргөнгө даяр элем. Тилекке каршы, андай эмес", - деди депутат.
Мадумаров мындай иш-чараларга катыша албастыгын жана "Куттуу болсун!" деп айта албай турганын белгиледи.
"Бир гана айтаарым, Жараткан элиме акыл-эс, сабырдуулук бер. Жараткан, өзүң гана сактабасаң, биздин колдон келбей калды, биздин акылыбыз, күчүбүз жетпей калды. Элге ынсап, ыйман, акыл-эс берсин. Ыймандуу эл жетекчилерди ыйман менен кайсы жолго салышты өзү билет", - деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын эгемен тарыхындагы алгачкы Конституция 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан берки аралыкта бир нече жолу өзгөртүүгө дуушар болду.